1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

9

Кесипке кадам: куткаруучулук жолго аттанган студенттер

Жалал-Абад колледжинин “Энергетика жана өзгөчө кырдаалдардан коргоо” ПЦКсында 280105 “Өзгөчө кырдаалдардан коргоо” адистигинин ӨКк-2-23 жана ӨКк-3-23 тайпаларынын студенттерин квалификация алдындагы практикага жөнөтүү конференциясы жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Бул иш-чара студенттер үчүн жөн гана уюштуруучулук жыйын эмес, келечектеги куткаруучулук кесипке карай жасалган олуттуу кадам болуп саналат. Конференцияга ЖАКтын өндүрүштүк практика жетекчиси Э.А. Режапова катышып, студенттерге практиканын мааниси, жоопкерчилиги жана реалдуу өндүрүш шартындагы ишмердүүлүктүн өзгөчөлүктөрү тууралуу мазмундуу маалымат берди.

Иш-чаранын алкагында студенттер практика өтүүнүн тартиби, коопсуздук талаптары жана санитардык-гигиеналык эрежелер менен кеңири тааныштырылды. Айрыкча өзгөчө кырдаалдар тармагындагы адистер үчүн коопсуздук эрежелерин так сактоо негизги талап экендиги белгиленди.

Окуу процессинин графигине ылайык, 30.03.2026-ж.дан 16.05.2026-ж.га чейин студенттер төмөндө көрсөтүлгөн мекемелерде квалификация алдындагы практиканы өтөшөт. Практиканы жетектөө үчүн тажрыйбалуу окутуучулар — Шаимкулова С.А., Эшбаев А., Исмаилов Б.А. дайындалды.

Ал эми өндүрүштөн жетекчилер катары Атабеков Т.А., Абдикапар уулу Абибилла, Абдрахманов К.К., А.А. Ныязалиев бекитилип, студенттердин практикалык ишмердүүлүгүнө түздөн-түз колдоо көрсөтүшөт.

Конференциянын жыйынтыгында студенттер алдын ала бөлүштүрүлгөн практика базаларына жайгаштырылып, ар бири өз багыты боюнча иш алып барууга даярдыгын билдиришти.

Бул практикалык этап — студенттердин теориялык билимдерин турмуштук кырдаалдарда колдонуп, кесиптик чеберчилигин арттырууга, жоопкерчиликти сезүүгө жана чыныгы адис болуп калыптанууга багытталган маанилүү баскыч болуп эсептелет.