1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

15

Эл аралык илимий-практикалык конференция «ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН РУХАНИЙ-ГУМАНИСТТИК МУРАСЫ ЖАНА ЫСЫК-КӨЛ ФОРУМУ: УЛУТТУК АҢ-СЕЗИМГЕ, ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮГӨ, МАДАНИЯТТАР ЖАНА ЦИВИЛИЗАЦИЯЛАР АРАЛЫК ДИАЛОГГО ЖОЛ»

2026-жылдын 26-мартында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад университетинин Жалал-Абад колледжинин Тигүү буюмдарын конструкциялоо ПЦКсынын мугалими Нуркулова Аселя Калиловна эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Конференцияда, Чынгыз Айтматовдун руханий-гуманисттик мурасы жана Ысык-Көл форумуна арналган иш-чарада, Аселя Калиловна баяндама жасады. Анын баяндамасы жогору бааланып, улуттук аң-сезим, туруктуу өнүгүү, маданияттар жана цивилизациялар аралык диалог маселелерин талкуулоодогу кесипкөй салымы үчүн сертификатка ээ болду.

Бул конференция илим жана билим чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда идеяларды алмашууга жана байланыштарды бекемдөөгө маанилүү аянтча болуп калды.