1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

90

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Борубашев Бекбосун Жалал-Абад колледжинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжине Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Борубашев Бекбосун иш сапары менен келип, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш сапардын алкагында колледждеги окуу-өндүрүштүк базалар, адистиктер жана билим берүү процесси менен жакындан таанышып чыкты. Ошондой эле тигүү багыты боюнча окуу цехинде болуп, ЖАМУ тарабынан камсыздалган 30 даана тигүү машиналарынын колдонулушу жана студенттердин практикалык даярдыгы менен таанышты.

Жалал-Абад колледжинин директору Элмурат Бековдун айтымында:  “Учурда цехти ишке түшүрүү алдында турабыз, ишке кирип калса медицина багытында окуп жаткан студенттердин халаттары, жатаканалар үчүн шейшептер тигилет. Ошондой эле студенттерге практика жана жумуш менен камсыздоого мүмкүндүк жаралат. Андан сырткары сырткы рыноко чыгууну да пландап жатабыз” – дейт. 

Борубашев окуу жайдын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, студенттерге сапаттуу билим берүү жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү багытындагы иштерди жогорку деңгээлде баалады.

Эске сала кетсек аталган тигүү машиналары өткөн жылы окуу жай тарабынан алынып берилген.  Ишке толук түшүп калса Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ички керектөөлөрү ушул жайда тигиле баштайт. Бул окуу жайдын бюджети үчүн да пайдалуу.