1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

33

ЖАКта билим сапатын жогорулатуу багытында аккредитацияга даярдык жүрүүдө

Жалал-Абад колледжинде билим сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү иштердин бири — ПОВТАС адистиги боюнча «АСжМ» ПЦКсынын алдыдагы аккредитациясына даярдык жүрүүдө. Бул процессти көз карандысыз «Сапаттуу Билим» агенттиги жүргүзөт.

Даярдыктын алкагында колледждин администрациясы жана аталган ПЦКнын окутуучулары катышкан тегерек стол уюштурулуп, анда аккредитациянын 6 стандарты негизинде ПОВТАС адистиги боюнча окутуунун сапаты талкууланды.

Жолугушууда билим берүү программасынын мазмуну, студенттердин билим алуу жыйынтыктары, окутуунун практикага багытталышы, окутуучулардын потенциалы, окуу-методикалык камсыздоо, ошондой эле материалдык-техникалык база жана сапатты ички көзөмөлдөө маселелери каралды.

Талкуу учурунда учурдагы абал бааланып, кайсы багыттар жакшы өнүккөнү жана кайсы жактарын жакшыртуу керектиги аныкталды. Ар бир стандарт боюнча ишти жакшыртуу үчүн конкреттүү сунуштар айтылды.

Бул аккредитация жамаат үчүн жөн гана текшерүү эмес, билим берүүнүн сапатын дагы да жогорулатууга, ПОВТАС адистигинин деңгээлин көтөрүүгө жана иш берүүчүлөр менен кызматташтыкты бекемдөөгө мүмкүнчүлүк болуп саналат.

Тегерек стол жыйынтыгында ПОВТАС адистиги аккредитациядан ийгиликтүү өтүүгө даяр экендигин көрсөттү.