1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

«Аристократ» тигүү цехинин негиздөөчүсү менен маек

Бүгүн Жалал-Абад колледжинин ТБК ПЦКсынын карьера жетекчиси  «Аристократ» тигүү цехинде конокто. «Аристократ» тигүү цехинин негиздөөчүсү, кесиби боюнча дизайнер Аилчиева Нурийпа Каипбековна.

-Саламатсызбы! Келиңиз, бүгүн биздин кызматташтыгыбыз тууралуу сүйлөшөлү. Мына, ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи бир нече жылдан бери сиз менен абдан тыгыз иштешип келе жатабыз, бул үчүн сизге өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. ЖАМУ (Жалал-Абад мамлекеттик университети) тууралуу маалыматыңыз барбы?

-Ооба, албетте! ЖАМУ тууралуу мен жакшы билем, анткени бул менин алтын уя — окуган окуу жайым. Мен өзүм ушул университеттин МК-2-12 тайпасында билим алгам. Дизайнер катары айта кетсем, ЖАМУ мага чыгармачылык жолумдун башталышында эң керектүү базалык билимди жана кесиптик багытты берген.

ЖАМУ — бул Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү эң ири жана алдыңкы мамлекеттик жогорку окуу жайларынын бири. Университет жыл сайын жогорку квалификациялуу адистерди даярдап келет. Мен студенттик күндөрүмдү ар дайым жылуу сезим менен эстейм. Бүгүнкү күндө университеттин заманбап программаларды киргизип, өзгөчө дизайн жана жеңил өнөр жай багытында жаңы технологияларды колдонуп жатканы кубандырат.

-ЖАМУдан келген практиканттардын жана бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээли сизди канааттандырабы?

-Ооба, алардын даярдык деңгээли мени толук канааттандырат. Мен өзүм да ушул окуу жайды бүткөн дизайнер болгондуктан, практиканттар менен тил табышуу мага абдан оңой — биздин базабыз бир.

Студенттер жакшы теориялык билимге ээ жана эң негизгиси — заманбап мода тенденцияларын түшүнүүгө, өнүгүүгө болгон умтулуусу күчтүү. Биздин «Аристократ» цехинде биз аларга дизайндын сырларын, чиймелерди чийүүдөн баштап, даяр продукцияны чыгарганга чейинки бардык процесстерди үйрөтөбүз. Өзүбүз билген тажрыйбаны жаштарга өткөрүп берүү биз үчүн маанилүү. Жаш адистердин тартиптүүлүгү жана чыгармачыл мамилеси бизди кубантат. Биз аларды ар дайым өз командабызда көрүүгө даярбыз.

-Сиз ЖАМУнун келечегин жана биздин мындан аркы өнөктөштүгүбүздү кандай элестетесиз?

-ЖАМУнун келечеги абдан кең жана ишенимдүү деп эсептейм. Дизайн жана тигүү тармагы өлкөбүздө тез өнүгүп жаткандыктан, университеттин ролу абдан чоң. Ишенем, окуу жай заманбап дизайн технологияларын жана санариптик программаларды (CAD/CAM системаларын) окутууга көбүрөөк басым жасап, эл аралык деңгээлдеги адистерди чыгара берет.

Ал эми биздин кызматташтыгыбызга токтолсом, биз аны дагы да кеңейтүүнү пландап жатабыз. Биз мындан ары да студенттерди практикага кабыл алууга, аларга дизайнердик өнөрдүн практикалык жагын көрсөтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө даярбыз.

-Нурийпа Каипбековна, бизге ишеним артканыңыз үчүн, жаш дизайнерлерди окутууга кошкон салымыңыз жана мазмундуу маегиңиз үчүн чоң рахмат! «Аристократ» цехинин ишине ийгилик жана чыгармачылык өсүш каалайбыз.