1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

31

Тажрыйба алмашуу – ийгиликтин ачкычы!                                                                                                                     

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  Жалал-Абад колледжи менен К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Гуманитардык-экономикалык колледжинин ортосундагы тажрыйба алмашуу алкагында атайын мобилдүүлүк сабагы уюштурулду.

Жалал-Абад колледжинин «Тигүү буюмдарын конструкциялоо» ПЦКсынын окутуучусу Нуркулова Аселя Калиловна 3 курстун студенттерине «Кийимдерди конструктивдүү моделдөө» предмети боюнча практикалык лекцияларды өттү.

Үч күнгө созулган окутуунун алкагында студенттер төмөнкү актуалдуу темалар боюнча тереңдетилген маалыматты алышты:

-Юбканын үч түрдүү моделин иштеп чыгуунун өзгөчөлүктөрү;

-Көйнөктүн үч түрдүү моделин конструкциялоо жана моделдөө;

-Шымдын үч түрдүү моделин чийүү жана долбоорлоо ыкмалары.

Сабактын  жүрүшүндө студенттер теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, кийим моделдөөнүн заманбап ыкмаларын өздөштүрүштү. Мындай иш-чаралар окуу жайлар арасындагы кызматташтыкты чыңдап, келечектеги адистердин кесипкөйлүгүн арттырууга чоң өбөлгө түзөт.