1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

32

Коопсуз иш жүргүзүү маданиятын калыптандырууга чакырык

Жалал-Абад колледжинин “Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу” адистигинин окуу-таанышуу практикасынын планына ылайык студенттер үчүн жумуш ордунда окутуу иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чара областтык китепкананын базасында уюштурулуп, ага 2-3-курстардын студенттери катышты.

Практиканын алкагында студенттерге техникалык коопсуздук, жолдо жүрүүнүн эрежелери жана күнүмдүк жашоо-тиричиликте сакталуучу коопсуздук талаптары тууралуу кеңири маалымат берилди. Бул түшүндүрүү иштери студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу, жоопкерчилигин жогорулатуу жана практикалык иштерди аткарууда эрежелерди так сактоого багытталган.

Иш-чараны Аскаров Жолон жана Ахмадалиева Махлиё алып барып, студенттерге өндүрүштүк практика учурунда жумуш ордунда тартипти сактоо, техникалык каражаттарды туура пайдалануу жана жол коопсуздугу боюнча кеңештер берилди.

Мындай иш-чаралар студенттердин теориялык билимдерин практикалык тажрыйба менен айкалыштырууга жана коопсуз иш жүргүзүү маданиятын калыптандырууга чоң жардам берет.