1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

41

Алдыңкы тажрыйба борборунда 1-курс студенттеринин ата-энелер жыйыны болуп өттү

Жыйындын негизги максаты – ата-энелерди окуу процессинин жүрүшү, ички тартип эрежелери жана студенттердин билим алуусуна коюлган талаптар менен тааныштыруу болду.

Жыйынга колледждин администрациясы, кураторлор жана ата-энелер активдүү катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттердин сабакка катышуусу, жетишкендиктери, тартип маселелери жана коопсуздук эрежелери тууралуу маалымат берилди. Ошондой шаардык ички иштер бөлүмүнөн жана шаардык прокуратурадан кызматкерлер келип  коомдогу тартип, учурдагы көйгөлөр жана статистикалар боюнча кенен маалымат беришти.  Ата-энелердин сунуш-пикирлери угулуп, кызыктырган суроолоруна жооптор берилди.

Колледж жетекчилиги ата-энелер менен тыгыз кызматташуу студенттердин тарбиясы жана сапаттуу билим алышы үчүн маанилүү экендигин белгиледи. Мындай жолугушуулар мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүлүп турары айтылды.

Жыйын жыйынтыгында ата-энелер менен окуу жайдын ортосундагы байланышты бекемдөө жана студенттердин келечеги үчүн биргелешип иш алып баруу зарылдыгы белгиленип, окуу жай менен тыгыз байланыш тузгөн активдүү ата-энелерге ыраазычылык каттар ыйгарылды.