1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

47

Жалал-Абад колледжинде Ооган согушунун 37 жылдыгына карата аскердик-спорттук таймаш өткөрүлдү

Ооган согушунун 37 жылдыгына карата Жалал-Абад колледжинде аскердик-спорттук таймаш уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты — жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, аскердик даярдыкка кызыгуусун арттыруу жана дене тарбиясын чыңдоо болуп саналат.

Таймашка колледждин ар бир тайпасынан түзүлгөн командалар катышып, өз ара күч сынашты. Катышуучулар саптык даярдык, ыкчамдыкка жана чыдамкайлыкка багытталган спорттук оюндар, аскердик элементтер камтылган тапшырмалар боюнча мелдешишти. Ар бир команда тартиптүүлүгүн, биримдигин жана мыкты даярдыгын көрсөтүүгө аракет кылды.

Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттердин активдүүлүгү жана кызыгуусу менен коштолду. Таймаштын жыйынтыгында мыкты көрсөткүчкө жетишкен командалар атайын дипломдор жана сыйлыктар менен сыйланышты.

Мындай иш-чаралар жаш муундун мекенге болгон сүйүүсүн арттырып, жоопкерчиликтүү жана чың ден-соолуктагы жаран болуп калыптануусуна өбөлгө түзөт.