1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

37

Жалал-Абад колледжинде 3-март Туу күнү жана 5-март Ак калпак күнү белгиленди

Алдынкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинде улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана студенттердин патриоттук сезимин арттыруу максатында 3-март — Кыргыз Республикасынын Туу күнү жана 5-март — Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди.

Иш-чаранын алкагында студенттер үчүн ачык сааттар уюштурулуп, анда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору, алардын тарыхы жана мааниси тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле улуттук баш кийим болгон ак калпактын тарыхы, анын кыргыз элинин маданиятындагы орду жана мааниси тууралуу кызыктуу баяндамалар жасалды.