1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

Жалал-Абад колледжинде II жарым жылдыктагы ачык сабактардын жүрүшү

Жалал-Абад колледжинде студенттердин  билим сапатын жогорулатуу, сабак өтүүнүн инновациялык ыкмаларын колдонуу жана окутуучулар арасында  өз ара тажрыйба алмашууну камсыз кылуу максатында ачык сабактар өтүлүүдө. Окутуучулар сабактарда окутуунун интерактивдүү методдорун, топтук иш, презентациялар, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар кеңири колдонуп студенттердин билим сапатын жогорулатууда, чыгармачылыкты өнүктүрүүгө басым жасашты. Азыркы учурда АСжМ, Ветеринария, ТБК пцкаларында 3-курстун бүтүрүүчү курстарына ачык сабактар өтүлүүдө.

Методикалык бирикмелер тарабынан сабактарга мониторинг жүргүзүлүп, ар бир сабак талдоодон өткөрүлдү. Талдоо учурунда сабактын максатынын тактыгы, колдонулган усулдардын натыйжалуулугу жана студенттердин катышуусу бааланды.

Катышкан окутуучулар бири-биринин сабактарын байкап, жаш окутуучуларга пайдалуу методикалык сунуштарды алышып, өз иш тажрыйбасын өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле студенттер үчүн мындай сабактар окууга болгон кызыгууну арттырды жана предметтерди тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түздү.