1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

46

ЖАКта кесипке окутуу курсу уланууда

Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын 14.11.2025-жылында № 01-7/2658 катындагы кайрылуунун негизинде 18 жаран “Тигүүчү”  3 айлык курсуна катталып, окутулду. Кесипке окутуу сабактары түзүлгөн программа жана жадыбал боюнча Материал таануу, Конструкциялоо жана Технология предметтеринен теориялык жана практикалык сабактар өтүлдү. Окуучулар тигүүчү кесибинин сырларын үйрөнүп, бычып- тиккенди, материал тандоону,тигүү машиналарында иштөөнү өздөштүрүп,жакшы көндүмдөргө ээ боло алышты. Сабакты Жалал-Абад колледжинин Тигүү буюмдарын конструкциялоо ПЦКсынын окутуучулары Мырзабаева К.А Мамажунусова Н.С  жана Сооронбаева Г.А. өтүштү. Курс окуучулардын даярдаган буюмдарын, көндүмдөрүн демонтрациялоо менен аяктады.