1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

51

Квалификациялык иш алдындагы  практикасынын жөнөтүү конференциясы

         Жалал-Абад колледжинин 2026-окуу жылынын «Тигүү буюмдарынын конуструкциялоо» ПЦКсынын  КМТШИ-3-23, КМТШИ-2-23,КМТШИ-01-14  тайпаларынын студенттерине  квалификациялык иш алдындагы  практиканын жөнөтүүчү  конференциясы болуп өттү.

Конференцияга ТБК ПЦКсынын төрагасы Н.С.Мамажунусова ТБК ПЦКсынын мугалимдери  катышты. Квалификациялык иш  алдындагы практиканын жыйынтыктоо конференциясы атайын түзүлгөн программанын негизинде болуп өттү. Конференциянын жүрүшүндө студенттерге практиканын максаты, милдеттери жана өтүү тартиби толук түшүндүрүлдү. Ошондой эле кайсы мекемелерге жиберилери, практиканын мөөнөтү, жетекчилердин талаптары, керектүү документтер тууралуу маалымат берилди жана практика 2-марттан башталып 18-апрельге чеийин болоорун билдирилди.

Иш-чарада төмөнкү маселелер каралды:

-Практика өтө турган базаларга бөлүштүрүү;

-Мекемелердеги ички тартип эрежелери;

-Коопсуздук техникасын сактоо талаптары;

-Практиканын жүрүшүндө студенттин жоопкерчилиги;

-Отчет жазуу жана коргоо тартиби.

Жетекчилер студенттердин суроолоруна жооп берип, практикага жоопкерчиликтүү мамиле кылуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Конференциянын жыйынтыгында студенттер практика өтүүгө толук маалымат алып, уюштуруу маселелери такталды.