1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

48

Модельер-конструктор адистигинин студенттерине иш-берүүчүлөрдөн “Аялдар тынчтык банкынын” коомдук фондунун чеберлеринен мастер-класс

ЖАКта чыгармачылыкты өнүктүрүүгө багытталган өзгөчө иш-чара болуп өттү. «Седеп» долбоорунун алкагында «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фондунун тажрыйбалуу чеберлери келип, студенттерибиз үчүн пайдалуу мастер-класс өткөрүштү.

Келген коноктор жана чеберлер:

1.Аширбекова Эльза

2. Анармаматова Кызжибек

3. Келдибекова Айнура

4. Султанова Айданек

Мастер-класстын максаты жана жүрүшү

Иш-чаранын негизги багыты — кездеме калдыктарын кайра иштетүү аркылуу жаңы,жандуу, баалуу буюмдарды жасоо болду. Чеберлер кадимки эле кездемелерден кантип заманбап сумкаларды, кооз брелокторду жана башка аксессуарларды жасоону көрсөтүп беришти.

Өзгөчө кызыгууну чеберлер өздөрү иштеп чыккан мини-сумкалардын үлгүсү студенттер тараптан  жаратылды. Адистер ар бир деталдын жасалуу жолун түшүндүрүп, тигүү технологиясынын сырлары менен бөлүшүштү.

Мастер-класска биздин ЖАКтын  ТБК ПЦКсынын окутуучулары жана студенттери катышышты. Студенттер берилген маалыматтарды кунт коюп угуп, чеберлердин ар бир кыймылын кайталап, өз колдору менен алгачкы эмгектерин жаратууга аракет кылышты. Окутуучулар да тажрыйба алмашып, окуу процессине жаңы ыкмаларды киргизүү боюнча ой бөлүшүштү.