1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

49

ЖАКта мамлекеттик практикага жөнөтүү уланууда

Жалал-Абад колледжинин ВЕТк-01-24жана ВЕТк-2-23  студенттерди жети жумалык  мамлекеттик практикага жөнөтүү боюнча пландуу конференция өткөрүлдү. Конференциянын жүрүшүндө: Практиканын максат-милдеттери кеңири түшүндүрүлдү; Практиканын өтүү мөөнөтү жана талаптары айтылды; Документацияларды туура жүргүзүү боюнча көрсөтмөлөр берилди;

Конференцияда талкууланган дагы бир канча маселелер төмөнкүлөр болду:

Практика учурунда жеке коргоочу каражаттарды колдонуу

Мал жана сарай менен иштөөдө техника коопсуздугу

Лабораториялык жана диагностикалык иштердеги стерилдик жана биологиялык коопсуздук

Ветеринардык препараттар менен иштөө жана дозалоо эрежелери.

Практиканы уюштуруу жана көрсөтмөлөрдү аткаруу тартиби

Конференциянын аягында студенттерге практика графиги, жумалык тапшырмалар жана коопсуздук эрежелери тууралуу материалдар берилди. Студенттин укук-милдеттери такталды;.ПЦК башчы жана практика жетекчилери студенттерге практиканын жүрүшүндө жоопкерчиликтүү болуу, кесиптик этиканы сактоо жана чыгармачылык менен иш алып баруу зарылдыгын эскертишти да бул практика алардын кесиптик өсүшүндө маанилүү этап болорун белгиледи.