1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

44

«Муундарды улаган үзүлбөс жип»: ЖАКта Эне тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Жалал-Абад педагогикалык колледжинин (ЖАПК) актовый залында 21-февраль — Эне тилдин эл аралык күнүнө карата даярдалган «Муундарды улаган үзүлбөс жип» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Майрамдык программаны Жалал-Абад колледжинин ТБК ПЦКсынын «Модельер-конструктор» адистигинин окутуучулары жана студенттери тарабынан жогорку деңгээлде даярдалган.

Салтанатты Жалал-Абад колледждин директору Элмурат Анарматович ачып, эне тилдин баалуулугу жана Мекенди коргоочулардын эрдиги тууралуу куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Окутуучулар ар түрдүү  тилдерде куттуктоо айтышып, муундардын байланышын символдоштурган кездемелерди студенттерге өткөрүп беришти.Кездемелер менен аткарылган оригиналдуу бий, «Катюша» ыры жана согуш темасындагы таасирдүү сахналык көрүнүш тартууланды.

Студенттердин энергиялуу флешмобу жана келечектеги модельер-конструкторлордун колунан чыккан дизайнердик кийимдердин көрсөтүүсү (показ) өттү.

Кеченин жыйынтыгында мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Абубакир Таштемирович сахнага чыгып, жигердүү катышкан студенттерге жана уюштуруучуларга окуу жайдын атынан Ардак грамоталарды жана Ыраазычылык каттарды салтанаттуу түрдө тапшырды.