1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

Спорт бул- дени сак жашоо

Жалал-Абад колледжинин Энергетика жана ӨКК ПЦКсынын демилгеси менен «Электр менен жабдуу», «Электр чордондору, түйүндөрү жана тармактары» жана «Өзгөчө кырдаалдардан коргонуу» адистиктеринин 1-2- 3-курстарынын студенттери арасында футбол боюнча мелдеш жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Спорттук иш-чарага жалпысынан 11 команда катышып, студенттер өздөрүнүн шамдагайлыгын, биримдигин жана командалык духун көрсөтө алышты. Мелдеш достук маанайда өтүп, чыныгы спорттук атаандаштык менен коштолду.

Жыйынтыгында:

🥇 1-орун – ЭССк-2-24 тайпасы

🥈 2-орун – ӨКК-2-23 тайпасы

🥉 3-орун – ӨКК-3-24 тайпасы

Мындан тышкары мелдештин жүрүшүндө өзгөчө айырмаланган оюнчуларга атайын номинациялар ыйгарылды:

⚽ «Мыкты оюнчу»

🧤 «Мыкты дарбазачы»

🛡 «Мыкты коргоочу»

🔥 «Мыкты чабуулчу»

🏆 «Мыкты бомбардир»

Жеңүүчүлөргө дипломдор, атайын сыйлыктар жана 1-орунду ээлеген командага кубок салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин сергек жашоо образын калыптандыруу, дене тарбияны өнүктүрүү, достук жана биримдикти чыңдоо, командалык иштөө жөндөмүн арттыруу, ошондой эле студенттер арасында ынтымакты бекемдөө болду. Мындай спорттук мелдештер жаштардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө шарт түзүп, алардын физикалык жана моралдык жактан өнүгүүсүнө өбөлгө болот.