1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

3 дня назад

895

1

Ачык сабак – HTML документтин каркасын жана семантикалык түзүлүшүн CSS аркылуу стилдештирүү

Жалал-Абад колледжинин Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын адистик окутуучусу Асилбек уулу Курсантбек тарабынан «Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча)» адистигинде окуган БАСк-3-23 тайпасынын студенттери үчүн «HTML документтин каркасын жана семантикалык түзүлүшүн CSS аркылуу стилдештирүү» темасында ачык практикалык сабак өткөрүлдү.

Сабактын жүрүшүндө студенттер HTML жана CSS технологияларынын профессионалдуу колдонулушу менен таанышышты. HTML (HyperText Markup Language) веб-документтин структуралык каркасын түзүп, мазмундун логикалык иерархиясын аныктай турган негизги технология катары каралды. Семантикалык HTML5 тегдери — <header>, <nav>, <main>, <section> жана <footer> — аркылуу веб-баракчанын архитектурасын туура уюштуруунун мааниси түшүндүрүлдү. Ал эми CSS (Cascading Style Sheets) технологиясы интерфейстин визуалдык көрүнүшүн, layout түзүмүн жана интерактив элементтердин абалдарын башкарган дизайн катмары катары практикалык мисалдар аркылуу көрсөтүлдү.

Студенттер HTML5тин семантикалык элементтерин колдонуу менен веб-баракчанын структуралык каркасын түзүшүп, CSS стилдеринин жардамы менен интерфейстин визуалдык көрүнүшүн иштеп чыгышты. Практикалык бөлүктө container жана flexbox технологиялары аркылуу layout түзүү, меню жана навигация элементтерин горизонталдуу жайгаштыруу, ошондой эле кнопка жана шилтемелерге hover эффекттерин кошуу сыяктуу тапшырмалар аткарылды. Бул процессте frontend архитектурасынын негизги принциптери — компоненттик ой жүгүртүү, spacing системасы жана типографиялык иерархия — өзгөчө көңүл борборунда болду.

Мындан тышкары, студенттер CSS файлдарды модулдук архитектурада уюштурууну (index.css, header.css, home.css) үйрөнүп, кодду тартиптүү жана масштабдалуучу форматта жазуунун маанисин түшүнүштү. HTML структурасы менен CSS стилдеринин өз ара байланышы веб-интерфейсти жөн гана визуалдык деңгээлде эмес, толук кандуу архитектуралык система катары кароого мүмкүнчүлүк берери баса белгиленди.

Ачык сабакка Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын окутуучулары жана ЖАКтын окуу усулдук-методикалык иштер боюнча инспектору катышты.

Ачык сабакка активдүү катышкан студенттер белгиленип, алардын жетишкендиктери бааланып, ыраазылык каттар менен сыйланышты. Бул демилге студенттердин чыгармачыл жана инженердик ой жүгүртүүсүн колдоого алып, окуу процессине болгон кызыгуусун арттырууга багытталды.