АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУ ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУНУ УЛАНТУУДА
Жалал-Абад колледжинин окутуучулары Г.Чекиргозова, Н.Тукуева, Э.Калимбетова ишкердиктин негиздери предмети боюнча жумуш ордунда окутуу максатында 3-курстун студенттери менен Жалал-Абад ЖИА бизнес ассоциациясында болушту. Ишкердикти каттоо туралуу ассоциациянын юрист-консультанты Жусуев Ильясбек, бизнес планды түзүү боюнча ассоциациянын бизнес-консультанты Бекматов Рысбек тренинг өтүштү.
Анда студенттер ишкананын уюштуруучулук-укуктук формалары, бизнес пландын тутумдук бөлүктөрү, бизнестеги тобокелдиктер жөнүндө маалымат алышты. ЖИАнын кызматкерлери ишкердик баштоону каалаган студенттер үчүн ар дайым жардам берүүгө даяр экендигин билдиришти, ал эми студенттер кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.