1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

39

Алдыңкы тажрыйба борборунда иш берүүчүлөр менен жолугушуу болуп өттү

Алдыңкы тажрыйба борборунда Тигүү буюмдарын конструкциялоо ПЦКсынын алкагында иш берүүчүлөр менен мазмундуу жолугушуу уюштурулду. Иш-чарага «Академия кройки и шитья» окуу борборунун жетекчиси Батыркулова Ж. жана «Этно-сайма» тигүү цехинин жетекчиси Акматилла к.А. катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө НКББПны талкуулоого өзгөчө көңүл бурулуп, билим берүү программасынын мазмуну иш берүүчүлөрдүн талаптарына ылайык талданды. Иш берүүчүлөр студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган сабактарды көбөйтүү зарылдыгын белгилеп, окуу процессин өндүрүшкө жакындатуу боюнча бир катар сунуштарын айтышты.

Ошондой эле тараптар мындан ары да тыгыз кызматташуу, студенттер үчүн өндүрүштүк практикаларды уюштуруу, биргелешкен мастер-класстарды өткөрүү жана бүтүрүүчүлөрдү жумушка жайгаштырууда колдоо көрсөтүү маселелерин макулдашышты. Бул кызматташтык келечектүү адистерди даярдоого жана билим берүү менен өндүрүштүн байланышын бекемдөөгө өбөлгө түзмөкчү.