1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

3 недели назад

32

Баатырдын руху, залкардын сөзү!

Жалал-Абад колледжинин ПОВТАСк-2-24 тайпасында «Баатырдын руху, залкардын сөзү» аталышындагы куратордук саат өткөрүлдү. Иш-чараны тайпанын куратору Абдразакова Гулмира уюштурду.

Иш-чара Кыргыз элинин улуу руханий мурасы болгон Манас эпосу жана дүйнөгө таанылган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналды. Куратордук сааттын жүрүшүндө Манас баатырдын эрдиги, мекенчилдиги, эл биримдигин даңазалаган образы тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы адамдык баалуулуктар, улуттук рух жана дүйнөлүк адабияттагы орду талкууланды.

Студенттер активдүү катышып, ой-пикирлерин билдиришти, баяндамалар окулуп, суроо-жооп уюштурулду. Иш-чаранын максаты — жаштарды улуттук баалуулуктарга тарбиялоо, руханий дүйнөсүн байытуу жана патриоттук сезимин күчөтүү болду.