1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

37

Компетенттүүлүккө багытталган жана денгээлдер боюнча тапшырмаларды түзүү методикасы

ЖАКтын АСжМ ПЦКсынын окутуучулар Маманова Бусадат Аттокуровна менен Алмаз кызы Айгерим “Компетенттүүлүккө багытталган жана денгээлдер боюнча тапшырмаларды түзүү методикасы” деген темада ЖАКтын окуутуучуларына мастер класс  өтүштү.

Компетенттүүлүккө багытталган жана деңгээлдер боюнча тапшырмаларды түзүү методикасы билим берүү процессин студенттин  жашоодо колдонулуучу билим, көндүм жана мамилелерди өздөштүрүүсүнө багыттайт. Бул ыкмада окуу мазмуну жөн гана маалыматты жаттоого эмес, маселени чечүүгө, ой жүгүртүүгө, кызматташууга жана өз алдынча аракеттенүүгө шарт түзөт.

Деңгээлдер боюнча тапшырмалар (репродуктивдүү, продуктивдүү, чыгармачыл) окуучулардын жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алууга, ар биринин ийгилигин камсыздоого жардам берет. Натыйжада студенттердин окууга болгон мотивациясы жогорулап, өзүнө ишеними артат жана окуу жетишкендиктери так бааланат.

Жалпысынан, мастер класс окутуучулар үчүн- бул методика мугалимге сабакты натыйжалуу пландаштырууга, ал эми студентке  компетенттүүлүктөрдү системалуу жана туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, заманбап билим берүүнүн негизги талаптарына жооп берет.