1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

29

Алдыңкы тажрыйба борборунда «Кылым карыткан Чынгыз Айтматов» аттуу конкурс болуп өттү.

2025-жылдын 12-декабрында биздин Жалал-Абад колледжинде улуу жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган «Кылым карыткан Чынгыз Айтматов» аттуу чыгармачыл конкурс өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында ТБК ПЦКсында модельер-конструктор адистигинин 2-курстарынын студенттери өздөрүнүн ар тараптуу өнөрлөрүн көрсөтүштү. Катышуучулар Айтматовдун чыгармаларынын негизинде ырдап, бийлеп, сахналык көрүнүштөрдү сахналаштырышты, ошондой эле көркөм сүрөттөрдү тартып, видео-слайд түрүндөгү эмгектерди сунушташты.

Бул конкурс студенттердин чыгармачылыгын өнүктүрүүгө, Айтматовдун руханий мурастарын даңазалоого жана улуттук адабиятка болгон кызыгуусун арттырууга чоң салым кошту.

Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар активдүүлүк менен өз таланттарын көрсөтө алышты.