1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

41

Өндүрүштүк практика учурунда жумуш ордунда окутуу өткөрүлдү

Өндүрүштүк практика мезгилинде «Оффистик программалар менен иштөө» темасында жумуш ордунда окутуу уюштурулду. Иш-чарага практика жетекчилери Мирзакаримова Мадина, Айдарова Бибигүл Аскаров Жолон жана Асибек уулу Курсантбек, ошондой эле  студенттер катышты.

Жетекчилер студенттерге офистик программаларды натыйжалуу колдонуу, документтерди иштеп чыгуу жана иш процесстерин автоматташтыруу боюнча практикалык көрсөтмөлөрдү беришти.

Иш-чара студенттердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталып, алардын практикалык даярдыгын күчөтүүгө көмөк көрсөттү.