1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

94

Жалал-Абад колледжинин студентерине “Кесиптердин кызматтык милдеттери, этика жана маданияты” темасындагы жумуш ордунда окутуу уюштурулду.

8-декабрь күнү Алдыңкы тажрыйба борборунун окутуучусу Байышбек кызы Аида тарабынан “Жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүү” дисциплинасынын алкагында ПОВТАСк 9–24 тайпасы үчүн иш жүзүндөгү окутуу уюштурулду. Окутуу Манас шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана персоналды башкаруу бөлүмүндө болду.

Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин кесиптик чөйрөдөгү кызматтык милдеттер, жумуш этикасы, кызмат маданияты боюнча түшүнүгүн кеңейтүү жана мамлекеттик органдардын иш алып баруу тартиби менен тааныштыруу болду.

Окутуунун жүрүшүндө студенттер төмөнкү багыттар боюнча маалымат алышты:

• мамлекеттик кызматкердин негизги функциялары жана жоопкерчиликтери;

• иш ордундагы этикалык нормалар, жүрүм-турум маданияты;

• кызматтык баарлашуу жана коммуникациянын эрежелери;

• жарандар менен иш алып барууда маданият жана этика;

• мамлекеттик органдардагы документ жүгүртүү жана жумуш процесси.

Окутуунун жүрүшүндө бөлүмдүн адиси Мадиярова Майрамкан Бахадыровна  практикалык мисалдар жана реалдуу иш процесстерин көрсөттү. Студенттер суроо-жооп форматында активдүү катышышты.  Иш-чара студенттер үчүн пайдалуу болуп, алардын кесиптик даярдыгын арттырууга, мамлекеттик кызмат маданиятына болгон түшүнүгүн тереңдетүүгө көмөк көрсөттү.