1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

33

ЖАКта ата-энелер менен биргеликте билим сапатын жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Жалал-Абад колледжинин Энергетика жана ӨКК ПЦКсы ЭСК-2-24 жана ЭССк-2-24 тайпаларынын студенттеринин ата-энелери менен кезектеги жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын негизги максаты — ата-энелерди колледждин өнөктөшү катары билим берүү процессине активдүү тартуу жана студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатуудагы ата-энелердин ролун бекемдөө болду.

Жолугушуу жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:

• Студенттердин сабакка катышуусу жана жетишкендиги боюнча электрондук журналдар жана ведомосттор менен ата-энелер кеңири тааныштырылды. • Ата-энелер менен интерактивдүү сүйлөшүү уюштурулуп, атайын форма аркылуу ар бир ата-эне өзүнүн жети сунушун жазып тапшырды. • Колледж администрациясы ата-энелерге алты негизги суранычын билдирип, мындан аркы кызматташтык багытында пикир алышты. • Жолугушууда ата-энелер өздөрүнүн каалоо-тилектерин жана сунуштарын айтышты.

Иш-чаранын соңунда ата-энелер үчүн колледждин окуу корпусу боюнча экскурсия өткөрүлүп, билим берүү шарттары жана материалдык-техникалык база менен тааныштырылды.

Бул жолугушуу ата-энелер, студенттер жана колледж администрациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү кадам болуп, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өз салымын кошту.