1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

4 недели назад

32

Ч.Айтматовдун каармандары – биздин жүрөгүбүздө!

2025-жылдын 11-декабрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад колледжинде АСжМ ПЦКсы  тарабынан уюштурулган улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 97 жылдыгына  арналган “Адабий чыгармалардагы каармандар парады” аталышындагы адабий кече өткөрүлдү. Иш чара улуу калемгердин чыгармачылык дүйнөсүнө сүңгүп, анын каармандарын кайрадан тирилткендей болду.

 Кечеде Айтматовдун “Ак кеме”, “Кызыл алма”, “Саманчынын жолу”, “Махабат дастаны” жана башка чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылып, негизги каармандар сахналаштырылды. Ар бир каарман аркылуу адам тагдыры, адеп-ахлак, сүйүү, түйшүк жана коомдогу терең маселелер көркөм чагылдырылды.

 Иш-чарага ПОВТВСк, БАСк, ОТЗИк тайпаларынын студенттери жигердүү катышып, креативдүүлүгүн жана чыгармачылык жөндөмүн көрсөтүштү. 

Мындай адабий кечелер жаштарды улуттук адабиятты терең түшүнүүгө, руханий баалуулуктарды сактоого үндөйт.