1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

37

Жалал-Абад колледжинде “Баатырдын руху – залкардын сөзү” урааны астында интеллектуалдык оюн өттү

Манас күнү жана кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Жалал-Абад колледжинин Жаштар комитети “Акыл тамга” аттуу интеллектуалдык оюн өткөрдү. Иш-чаранын башкы максаты — студенттердин руханий дүйнөсүн байытуу, улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана чыгармачыл ойлонуусун өнүктүрүү болду.

Оюнга колледждин ар кайсы тайпаларынан түзүлгөн командалар катышып, өз билимин, шыгы менен акыл-таймашуу жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Иш-чара өзгөчө кызыктуу жана кызуу маанайда өтүп, катышуучулар бири-бири менен таза атаандаштыкта күч сынашты.

Мелдеш соңунда мыкты билим, ыкчамдык жана биримдик көрсөткөн командалар ар кандай номинациялар боюнча сыйлыктар менен сыйланышты.