1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

4 месяца назад

110

Ветеринария студенттеринин өндүрүштүк практикасы ийгиликтүү жыйынтыкталды

2025-жылдын 24-ноябрында Ветеринария ПЦКсынын ВЕТк-01-24 жана ВЕТк-2-23 группаларынын студенттери өндүрүштүк практиканы ийгиликтүү аяктап келишти. Практика учурунда студенттер ветеринария тармагы боюнча алган теориялык билимдерин бекемдеп, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүп, чыныгы өндүрүш шарттарында иштөө тажрыйбасына ээ болушту.

Өндүрүштүк практиканын негизги максаты — студенттерди келечектеги ветеринардык кесипке даярдоо жана мал чарбачылыгы менен ветеринардык клиникаларда аткарылуучу иштерди өздөштүрүүгө шарт түзүү болду.

Практика учурунда студенттер төмөнкү багыттар боюнча тажрыйба топтошту:

Ø малдарды күнүмдүк ветеринардык кароо

Ø жугуштуу оорулардын алдын алуу ыкмалары

Ø вакцина берүү жана дарылоо жараяндары

Ø гигиеналык талаптарды сактоо

Ø фермердик чарбалардагы өндүрүш процессин түшүнүү

Ø ветеринардык документтер менен иштөө

Студенттердин жетишкендиктерине төмөнкүлөр кирди: жоопкерчиликтүү иш алып баруу, тапшырмаларды так аткаруу, жаныбарлар менен иштөө эрежелерин өздөштүрүү жана ветеринардык процедураларды иш жүзүндө колдонуу.

Окутуучулардын жана өндүрүш жетекчилеринин баамында, практика жогорку деңгээлде өтүп, студенттер кесипке болгон кызыгуусун жана жөндөмүн толук көрсөтө алышты.

Жыйынтыктап айтканда, өндүрүштүк практиканын ийгиликтүү аякташы — студенттердин кесиптик калыптануусундагы маанилүү кадам.