1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

158

“1-Декабрь – СПИДге каршы күрөшүү күнү” аттуу ачык куратордук саат өткөрүлдү

29-декабрда ПОВТАСк 5-25 тайпасынын куратору Байышбек кызы Аида тарабынан “1-Декабрь – СПИДге каршы күрөшүү күнү” темасында ачык куратордук саат уюштурулду. Иш-чаранын максаты – студенттердин ВИЧ/СПИД жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу, алдын алуу жолдорун үйрөтүү жана ден соолукту сактоо маданиятын калыптандыруу болду.

Иш-чаранын алкагында студенттер атайын даярдалган тематикалык программа менен чыгышып, ыр-бийлерди тартуулашты. Куратордук саат жигердүү, мазмундуу өтүп, студенттер активдүү катышып, ВИЧ/СПИД тууралуу жаңы жана маанилүү маалыматтарды өздөштүрүштү.

Жыйынтыгында иш-чара өз максатына жетип, жаштардын ден соолук маданиятын чыңдоого жана алдын алуу боюнча түшүнүктөрүн кеңейтүүгө чоң салымын кошту.