1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

147

ЖАКтын Модельер-конструктор адистигинин  өндүрүштүк практиканын жыйынтыктыктоочу конференция

27-ноябрь күнү Жалал-Абад колледжинин Модельер-конструктор адистигинде өндүрүштүк практиканын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Иш-чарага ЖАКтын директору Бектурсунов Жанарбек агай, практика жетекчиси Режепова Эльмира эжеке, карьера борборунун жетекчиси Алимбаева Гулмайрам эжеке, ТБК ПЦКсынын жетекчиси Мамажунусова Нуркан эжеке, окутуучулар жана практикадан кайтып келген студенттер катышты.

Конференциянын ачылышын ТБК ПЦКсынын жетекчиси Мамажунусова Нуркан эжеке жүргүздү. Андан соң, практика өткөн студенттер өздөрүнүн цехтерде аткарган иштерин, тигилген коллекцияларын жана күндөлүк отчетторун слайд-презентациялар аркылуу сунушташты. Ар бир студент практика учурунда алган тажрыйбалары, үйрөнгөн көндүмдөрү жана жеке ой-пикирлерин айтып, жетекчилерине ыраазычылык билдиришти.

Жыйынтыктоочу сөз ЖАКтын директору Бектурсунов Жанарбек агайга, ошондой эле Режепова Эльмира эжекеге, Алимбаева Гулмайрам эжекеге жана ТБК ПЦКсынын мугалимдерине берилип, алар студенттердин аракетин, жетишкендиктерин белгилеп, келечектеги ийгиликтерин каалашты. Студенттер өндүрүштүк практиканы жогорку жоопкерчилик менен өткөнү баса белгиленди.