АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНУН СТУДЕНТТЕРИ АСКЕРДИК БӨЛУКТӨ БОЛУШТУ
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин студенттери Кыргыз Республикасынын Ички аскерлеринин Жалал-Абад шаарында жайгашкан 7704-аскер бөлүгүндө болушту. Визиттин максаты: жаштарды Мекенди сүйүүгө, патриоттуулука чакыруу. Иш -чарага жалпысынан 175 студент барып катышты. Анда жоокерлердин жашоо-тиричилиги, күжүрмөн даярдыгы, курал жарактары жана аскердик техникалар менен таанышып келишти. Студенттер иш-чарадан терең таасир алышкандыгын жана мындай визиттер ар түрдүү ишканаларга байма-бай болуп туруусун сунушташты.