1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

58

Карьераны өнүктүрүү  алкагындагы КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгындагы тегерек стол

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу боюнча пландалган иш-чаранын алкагында студенттер менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго Жалал-Абад облусу боюнча ӨКМдин облустук башкармалыгынын башчысы Чынарбек Шекенов  , башкармалыктын башкы адиси  Таалайбек  Атабеков Башкармалыктын кадр бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу улук лейтенант Аскар Ниязалиев  ЖАКтын Энергетика жана ӨКК ПЦКсынын башчысы Сабира Шаимкулова, ЖАКтын карьера башчысы Гүлмайрам Алимбаева  катышышып, «ӨККнын улуттук коопсуздукту камсыздоодогу ролу жана ӨКК адистигинин негизги кесиптик билим берүү программасын талкуулашты».

Тегерек столдо  ӨКК адистиги боюнча негизги билим берүү программасы талкууланып, студенттер үчүн төмөнкү кошумча предметтерди киргизүү сунушталды:

Өрт коопсуздугу жана алдын алуу системалары,

Табигый жана техногендик кырдаалдарды башкаруу,

Кризис-менеджмент жана коопсуздук технологиялары,

Жарандык коргоо жана эвакуациялоо усулдары,

Кесиптик этика жана лидерлик көндүмдөр.

Мындай иш-чаралардын пайдасы, билим берүү программаларын актуалдаштыруу – эмгек рыногунун талаптарына ылайык жаңыртуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт, студенттердин практикалык даярдыгын күчөтүү – реалдуу өндүрүштүк чөйрөдө көндүмдөрдү калыптандыруу камсыздалат, ошондой эле практика жана стажировка базаларынын кеңейиши – студенттердин тандап алуусу жана тажрыйба топтоосу жеңилдейт.