1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

58

Жалал-Абад колледжинин студенттери Эл аралык конферециядан диплом сертификаттарга ээ болду

“Б. Осмонов атындагы ЖАМУ” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси, Жалал-Абад колледжи Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсы 220206 Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча) жана 230109 Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо адистигинин студенттери 2025-жылдын 29-ноябрында Ош мамлекеттик университетинде өткөн "Студент жана илимий-техникалык прогресс" аттуу XII эл аралык студенттик илимий конференцияга активдүү катышышты.

Иш-чарага жалпысынан 500дөн ашык студент катышып, алардын илимий эмгектери 19 секцияда угулду. Мирзакаримова Мадина, Шамшиев Нурлан жетекчилигинде илимий иштерин жүргүзүшүп, төмөнкүдөй сыйлуу орундарды ээлешти:

ПОВТАСк-2-23 тайпасынын студенти Тимохин Тимур (“Жасалма интеллект жана робототехника” секциясы) II - даражадагы диплом менен сыйланды.

БАСк-01-24 тайпасынын студенти Таиров Нурали ("Санариптештирүүдөгү жаңы технологиялар жана көйгөйлөр" секциясы) III-даражадагы диплом менен сыйланды.

ПОВТАСк-2-24 тайпасынын студенттери Талантбеков Темирлан, Халбутаев Руслан ("Педагогикалык билим берүүнү модернизациялоо" секциясы) III-даражадагы диплом менен сыйланды.

ПОВТАСк-3-23 тайпасынын студенттери Асилбеков Даниэл, Масиркулова Нурзат “Санариптештирүүдөгү жаңы технологиялар жана көйгөйлөр" секциясында ийгиликтүү баяндама жасап, катышкандыгын тастыктаган сертификатка ээ болушту.