1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

95

Илим айында ПОВТАСк адистигинин окутуучулары жана студенттердин ийгилиги

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде ноябрь айы «Илим айы» деп жарыяланганына байланыштуу, Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор) тарабынан стартап идеяларды өнүктүрүү жана аларды коммерциялаштыруу маселелерине арналган «Илимий долбоорлор жана стартап идеялар көргөзмөсү» (көргөзмө/питчинг) уюштурулду.

Иш-чарага ЖАМУнун окутуучулары жана студенттери өз долбоорлору менен катышып, инновациялык идеяларын калыстар тобунун кароосуна сунушташты.

Питчингдин жыйынтыгында Жалал-Абад колледжинин АС жана М ПЦКсынын окутуучусу Аскаров Жолондун жетекчилиги алдында ПОВТАСк-5-24 тайпасынын студенттери Кимсанбаев Алихан жана Булдуров Асадбектер биринчи орунду багындырышты. Калыстар тобу алардын долбоорун жогору баалап, аны мындан ары патенттөө жана өндүрүшкө киргизүү боюнча сунуштарын беришти.