1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

72

Жалал-Абад колледжинин тарых окутуучулары  «Кыргыз жараны» концепциясын таанытуу боюнча тренинге катышты

2025-жылдын 25–28-ноябрында Манас шаарынын Областтык администрациясында «Кыргыз жараны» концепциясын кеңири жайылтуу жана элге таанытуу максатында эки күндүк тренинг болуп өттү. Иш-чарага шаардагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын тарых багытындагы окутуучулук-профессордук курамы катышты. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар «Кыргыз жараны» концепциясынын мазмуну, анын коомдук биримдикти чыңдоодогу ролу, жарандык иденттүүлүктү калыптандыруудагы мааниси тууралуу терең маалымат алышты. Ошондой эле концепцияны билим берүү процесстеринде колдонуу, студенттер арасында жарандык маданиятты өнүктүрүү боюнча практикалык ыкмалар талкууланды. Иш-чара Манас шаарынын мэриясы менен «Абад» коомдук фондунун колдоосу менен уюштурулду. Тренингдин жыйынтыгында катышуучулар жаңы методикалык ыкмаларды өз ишинде колдонуу менен, жаштар арасында жарандык активдүүлүктү жана биримдикти жогорулатууга салым кошууну белгилешти.