1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

45

Ветеринария адистигинин негизги кесиптик билим берүү программасын талкуулаган кереге кеңеш өткөрүлдү

Жалал-Абад колледжинин Ветеринария ПЦКсы иш берүүчүлөр менен кызматташууну өнүктүрүү, билим берүү программаларын актуалдаштыруу жана практикалык көндүмдөрдү чыңдоо максатында тегерек стол уюштурулду. Иш-чарага Сузак райондук ветеринардык башкармачылыгынын жетекчилиги  Сабирханов Алымкул Исраилович — Сузак райондук ветеринардык башкармачылыгынын башчысы, Турсункулов Илхом Имондинович — башкармачылыктын орун басары жана Искенаджиев Илхам Мадашевич — башкармачылыктын башкы инспектору катышты.

Жолугушууда негизги кесиптик билим берүү программасынын мазмуну, студенттердин практикалык даярдыгын жогорулатуу жолдору жана өндүрүш менен түз байланыштарды күчөтүү багытында сунуштар активдүү талкууланды. Иш берүүчүлөр Ветеринария адистигинин 2-курс студенттери өтчү окууну тааныштыруу практикасынын саатын көбөйтүү зарылдыгын белгилешти. Бул кадам студенттердин өндүрүштүк чөйрө менен эртерээк таанышып, кесипке байланыштуу көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө чоң өбөлгө түзөрү айтылды.

Мындан тышкары, иш берүүчүлөр ветеринардык-санитардык иш-чаралар, эпизоотология, диагностикалык ыкмалар жана заманбап ветеринардык талаптарды эске алуу менен бир катар кошумча сунуштарын беришти. Талкуунун жүрүшүндө окутуучулар менен иш берүүчүлөр билим берүү программасын өркүндөтүүгө багытталган конструктивдүү пикир алмашуу жүргүзүштү.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары да бекемдеп, практикалык окутууну жогорку деңгээлге чыгарууну макулдашты.