1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

52

Хакатон 2025. Булактан чечимге карай

«Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» Илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Жалал-Абад колледжинин Автомататташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын окутуучулары А.К.Сатимбаева, Т.К.Исманова, Б.М.Айдарова жана ПОВТАСк-3-23  тайпасынын студенттери Ратбеков Алихан, Эмильбеков Алибектер Бишкек шаарында болуп өткөн  Суу- бардыгы үчүн хакатонунда катышышып , 12 команданын арасында 3-орунга ээ болуп келишти.

Бул Хакатондо ар бир команда өзүнүн идеялары менен чыгармачылык жана техникалык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Бул аракеттер жаштарды инновацияга багытталган жана келечектеги долбоорлор үчүн негиз түздү. Катышуучулардын жаңы идеялары ишке ашырып, командалык иштерде тажрыйба топтоп, лидерлик сапаттарды өркүндөтүштү. Мындан сырткары ар бир катышуучу алар коомдогу көйгөйлөрдү чечүүгө активдүү катышуунун маанисин сезип, келечектеги долбоорлорго катышууга мотивация алышты. Жалпысынан Хакатон жаштардын өнүгүүсүнө , алардын потенциалын ачууга жана коомго пайдалуу чечимдерди сунуштоого чоң мүмкүнчүлүк алышты.

Хакатон-2025 тин жеңүүчү командалары Суу менен камсыздоо жана санитария  форумуна катышып, сыйлыктар тапшырылды.

Хакатон-2025 жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин жоопкерчиликтүү мамилеңиздер, так пландалган программа жана жаңы идеяларды жаратууга шарт түзгөн аянтча бул иш-чаранын өтүшүнө жаштардын келечектеги кесипкөйлүгүнө чоң өлгө болду. Уюштуруучулардын эмгеги менен хакатондун ар бир күнү мазмундуу, пайдалуу жана шыктандырган мүнөздө өттү.

Хакатонду уюштурган уюштуруучуларыбызга,  эксперттерибизге долбоорду жакшыртууда көрсөткөн кесипкөй көмөгү үчүн чоң ыраазчылык билдиребиз.