1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

71

Иш берүүчүлөр менен өнөктөштүктү кеңейтүү – билим сапатын жогорулатуунун маанилүү кадамы

Жалал-Абад колледжинин “Техника” ПЦКсы Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмү иштеп чыккан графикке ылайык, иш берүүчүлөр менен жолугушуу конференциясын өткөрдү.

Иш-чарага “Осмонов Раззак” ЖИнин директору — Осмонов Р.А. жана Маматкулов Узакбай Абдыллаевич “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык мекемесинин жарандык коргонуу жана техникалык коопсуздук болумунун жетекчиси катышышты.

Конференциянын максаты — “Транспорттун электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (суу транспортунан башка)”,“Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо” адистиктеринин негизги кесиптик билим берүү программасын талкуулоо, заманбап рыноктун талабына ылайык мазмунун өркүндөтүү жана иш берүүчүлөрдүн сунуштарын угуу болду.

Жолугушууда иш берүүчүлөр бир катар маанилүү сунуштарды келтиришти. Осмонов Р.А. өндүрүштүк практиканын көлөмүн көбөйтүүнү сунуштап, студенттердин практикалык көндүмдөрүн күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал эми Маматкулов У.А. бүгүнкү күндө Кыргызстанга автоунаалардын көпчүлүгү түздөн-түз Кытайдан алып келинип жатканын белгилеп, окуу программасына кытай тилин киргизүүнү сунуштады. Бул, анын айтымында, студенттерге рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү болууга чоң мүмкүнчүлүк ачат.

Иш берүүчүлөр менен мындан аркы тыгыз кызматташтык колледжде билим берип жаткан адистиктердин сапатын жогорулатууга жана студенттердин ишке жайгашуу мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга чоң салым кошору белгиленди.