Бүгүнкү практикант, эртеңки адис
Б.Осмонов атындагы экономика-юридикалык колледжинде экономика ПЦКсынын БЭК-01-22, БЭК-2-21, ФК-2-21, ССк-2-21 тайпаларынын студенттери үчүн мамлекеттик практикага жөнөтүү конференциясы уюштурулду. Конференцияга экономика-юридикалык колледжинин директору А.Б. Карбекова, өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н.А. Айылчиева жана практика жетекчилери катышты. ЭЮКтун директору А.Б.Карбекова студенттерге практика учурунда илимий изилдөө ишин жазуунун жолдору боюнча сөз сүйлөдү. ЭЮКтун өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н.А. Айылчиева окуу процессинде практика чоң роль ойноорун, теориялык билим практика менен бекемделет. Мамлекеттик практика- тандап алган адиске жоопкерчиликтүү кадам экендигин эске салып, студенттерге коопсуздук техникалык эрежелерди сактоону айтты. Экономика ПЦКсынын практика жетекчиси А.Калмурзаева студентин жол картасы, баалоо критерийлери жана практика өтөө учурунда студенттер, практика жетекчилери менен тыгыз иштешүү керектигин белгилеп өттү. Практика жетекчиси Э.Э. Кадырова практиканын максаттары жана милдеттери, отчетторду жазуу жана күндөлүк толтуруу тууралуу айтып берди.