1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 день назад

12

Энергетика багытындагы окуу программаларын жакшыртуу боюнча конструктивдүү жолугушуу өттү

Жалал-Абад колледжинин Энергетика жана ӨКК ПЦКсынын окутуучулары иш берүүчүлөр менен биргеликте энергетика адистиктери боюнча негизги билим берүү программасын талкуулашты. Жолугушууга Жалал-Абад электр тармактары ишканасынан жана Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнөн өкүлдөр, колледж жетекчилиги жана окутуучулар катышты.

Иш-чаранын максаты — окуу программасындагы предметтердин мазмуну менен компетенциялары азыркы өндүрүштүн талаптарына жооп беришин камсыз кылуу, теориялык билим менен практиканын ортосундагы ажырымды кыскартуу жана иш берүүчүлөр менен тыгыз кызматташтыкты күчөтүү болду.

Өндүрүш өкүлдөрүнөн  Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын окуу бөлүмүнүн башчысы Г. Кочкорова, аталган ишкананын капиталдык курулуш бөлүмүнүн инженери А. Мамытова, адистиктерде окутулуп жаткан дисциплиналарга, студенттердин даярдыгына жана алардын практикалык көндүмдөрүнө байланыштуу өз ойлорун билдиришти. Талкуунун жүрүшүндө окуу программасын жаңылоо, практикалык сабактарды көбөйтүү жана өндүрүштүк чыныгы процесстерди билим берүүдө кеңири колдонуу боюнча сунуштар айтылды.

Жыйынтыгында тараптар кызматташууну дагы да кеңейтүү, студенттер үчүн өндүрүштүк практиканын мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү жана жумуш ордунда окутуунун сапатын жакшыртуу боюнча макулдашышты. Бул иш-чара энергетика адистиктеринин сапатын жогорулатууну көздөгөн маанилүү кадам катары белгиленди.