1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 день назад

15

Модельер-конструктор адистигинин  бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу

Жалал-Абад колледжинде Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы адистигинин 2-курс студенттери жана ушул адистиктин бүтүрүүчүлөрү катышкан тажрыйба бөлүшүү конференциясы өттү.          Конференциянын алкагында колледждин бүтүрүүчүсү, учурда өз мекемебизде мастер болуп эмгектенип жаткан Акбаралиева Айлиза өзүнүн кесиптик тажрыйбасын жана жетишкендиктерин слайд-презентация аркылуу сунуштады. Иш-чара мындан ары дагы бир бүтүрүүчү — учурда жеке тигүү цехинин жетекчиси Акматилла кызы Асел менен уланды. Асел  студенттерге реалдуу өндүрүш жайындагы тажрыйбасын айтып берип, окуу процессин өркүндөтүү боюнча бир катар сунуштарды берди. Атап айтканда, ал «Технология швейных изделий» предметин көбөйтүү жана графикалык дизайн сабагын кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.          Конференциянын жыйынтык бөлүгүндө ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүнөн Жолдошалиева Нурия Султановна чыгып сүйлөп, студенттерге жана окутуучуларга ийгилик каалады. Жыйынтыктап айтканда, бүтүрүүчүлөр менен болгон бул жолугушуу студенттер үчүн керектүү тажрыйба, дем жана ишеним берди. Өз адистигинде ийгилик жараткан бүтүрүүчүлөрдүн кеңештери колледжде окутулган предметтердин актуалдуулугун дагы бир жолу далилдеп, студенттердин кесипке болгон кызыгуусун арттырды. Мындай иш-чаралар кадрларды даярдоодо сапатты жакшыртып, теорияны практика менен айкалыштыруу боюнча маанилүү платформа болуп эсептелет.