1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 день назад

21

«Бүтүрүүчүлөрдүн карьералык траекториясын изилдөө» боюнча мастер-класс өткөрүлдү

Жалал-Абад колледжинде карьера башчыларына «Бүтүрүүчүлөрдүн карьералык траекториясын изилдөө: Google Forms базасында сурамжылоо инструменттерин түзүү жана анализдөө» аттуу мастер-классты ЖАКтын карьера башчысы Алимбаева Г.Ж. өттү.

Иш-чаранын негизги максаты — колледж бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик жолун системалуу изилдөөгө мүмкүнчүлүк берген онлайн сурамжылоолорду түзүү, алынган маалыматтарды анализдөө жана аларды билим берүү мекемесинин карьералык мониторинг процессине интеграциялоо болду.

Мастер-класстын жүрүшүндө катышуучулар карьералык мониторингдин мааниси, онлайн сурамжылоолордун артыкчылыктары жана Google Forms платформасынын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө практикалык жана теориялык маалыматтарды алышты. Окутуучулар Google Forms интерфейси, суроолордун түрлөрү, жооп форматтары жана форма түзүү этаптарын көрсөтүп, реалдуу мисалдардын негизинде сурамжылоо түзүп берүү процесстерин аткарып көрсөтүштү.

Иш-чаранын актуалдуулугу өзгөчө жогору болду. Себеби билим берүү мекемелери үчүн бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу, кесиптик өсүүсү жана эмгек рыногундагы орду тууралуу маалыматтарды үзгүлтүксүз чогултуу — окуу программаларын өркүндөтүүдө чечүүчү ролду ойнойт.

Мастер-класстын практикалык бөлүгүндө катышуучулар «Бүтүрүүчүлөрдүн карьералык траекториясы» аттуу сурамжылоонун демо-версиясын түзүп, суроолордун логикасын, дизайн параметрлерин жана жоопторду чогултуу механизмин өздөштүрүштү. Ошондой эле автоматтык диаграммалар менен иштөө, маалыматтарды Excel форматына экспорттоо жана алынган статистиканы аналитикалык отчеттордо колдонуу ыкмалары көрсөтүлдү.

Бул иш-чара Жалал-Абад колледжинин карьералык багыттагы иштеринин сапатын жогорулатып, студенттердин жана бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик өсүүсүн колдоого, ошондой эле билим берүү сапатын жакшыртуу үчүн натыйжалуу аналитикалык инструменттерди колдонууга түрткү болду.