1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

1 день назад

7

Жалал – Абад колледжинин  Тигүү буюмдарын конструкциялоо ПЦКсынын КМТШИк-01-25 тайпасынын студенттеринин ата – энелери менен чогулуш болуп  өттү.

Чогулуштун жүрүшүнө аталган ПЦКнын башчысы Н.С. Мамажунусова, тайпанын куратору Н.А. Султанова жана ПЦКнын окутуучулук курамы катышышты. Жыйындын  максаты ата – энелерди студенттердин окуу жетишкендиктери, тарбиясы, адаптациясы жана колледждеги билим берүү процесси тууралуу маалымдоо жана биргелешип кызматташууну күчөтүү.

Жыйында  студенттердин жалпы окуу деңгээли, сабактарга катышуусу, көп кыйналган предметтери боюнча маалымат берилди. Жүрүм – турум, адаптация жана группадагы психологиялык климат, колледждин тартиптери, кийим формасы жөнүндө талкуу болду. Ата – энелерге студенттерди колдоо боюнча сунуштар айтылды.

Чогулуштун аягында ата-энелердин суроолоруна жооп берилип, ой -пикирлер айтылды. Студенттердин келечектеги ийгиликтери үчүн  ата-эне, мугалим жана студенттердин өз ара кызматташуусун күчөтүү керектигин белгилешти. Ата – энелер ПЦКнын окутуучулук курамына сунуштарын айтып, ыраазычылыктарын билдиришти.