1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

8

Манас шаарында практиканттарга «Дегельментизацияны жүргүзүү жана каттоо» деген темада жумуш ордунда окутуу болуп өттү

 Манас шаардык ветеринардык башкармачылыгында ЖАКтын ВЕТк-01-24 тайпасынын студенттери үчүн «Айыл чарба жаныбарларына дегельментизация жүргүзүүнү каттоо» темасында практика учурундагы жумуш ордунда окутуу уюштурулду .

Иш-чарага окутуучулар Жолонбаева Бегимай, Бокошова Гүлзат, ошондой эле өндүрүштүк практиканын жетекчилери катышып, дегельментизациянын ветеринардык тармактагы маанилүүлүгүн кеңири түшүндүрүп беришти.

Практикалык окууда студенттер төмөнкү багыттар боюнча билим жана көндүмдөргө ээ болушту: айыл чарба жаныбарларында кездешүүчү гельминттердин түрлөрү жана алардын зыяны; дегельментизацияда колдонулуучу дары каражаттары, дозасын эсептөө, колдонуу эрежелери;

жаныбардын салмагына жараша туура дозалоо ыкмалары;

жүргүзүлгөн иш-чараларды каттоо журналына туура киргизүү тартиби.

Сабактын практикалык бөлүгүндө студенттер жандыкка дары берүүнүн жол-жобосун өз колдору менен аткарып, жүргүзүлгөн дегельментизацияны документтештирүүнүн маанилүү кадамдарын үйрөнүштү.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар ветеринардык коопсуздук эрежелерин сактоонун зарылдыгын, дарылоо жана каттоо иштеринин так жүргүзүлүшү айыл чарба жаныбарларынын саламаттыгын камсыздоодо маанилүү экенин белгилешти.

Бул практикалык окуу студенттердин теориялык билимдерин бекемдеп, кесиптик жөндөмдөрүн чыңдоого жана келечектеги ветеринардык ишмердүүлүгүндө сапаттуу кызмат көрсөтүүгө даярдоого багытталды.