1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

12

«Примерканы жүргүзүү» боюнча практика учурундагы жумуш ордунда окутуу болуп өттү.

2025-жылдын 15-ноябрында «Этно Сайма» цехинде студенттер үчүн «Примерканы жүргүзүү» темасында өндүрүштө практика учурундагы ЖОО (ОРМ) өткөрүлдү. Иш-чараны практика жетекчиси Шаимкулова Гульнара алып барды. ЖООга практикант кыздар жана өндүрүш жетекчилери  катышып, алар өлчөм алуу ыкмаларын, примерканын негизги этаптарын жана анын кийим тигүүдөгү маанисин өздөштүрүштү.Студенттер материалдын бөлүктөрүн бычып, макетти кол менен тигүү жолу менен бириктирип, андан соң примерка жүргүзүштү. Примерка маалында кеткен кемчиликтер талданып, тиешелүү оңдоолор киргизилди.Практикалык сабак студенттердин тигүү тармагындагы көндүмдөрүн бекемдеп, кийимди туура ылайыктоо жана сапаттуу даярдоо процесси жөнүндө терең түшүнүк берди.