1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

19

Иш берүүчүлөр менен практикалык карьералык жолугушуу: билим берүү программаларын өркүндөтүү

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмү жүргүзүп жаткан иш-чаралардын алкагында АСжМ ПЦКда иш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуунун негизги максаты — адистиктердин билим берүү программаларын эмгек рыногунун талаптарына ылайык жаңыртуу жана практикалык мазмунун бекемдөө болду.

Иш-чарага социалдык өнөктөштөр катары бир катар мекеме жана уюмдардын өкүлдөрү катышты: LEK окуу борборунун адистери Үмүт Кудайбердиева жана Элмира Эркулова, Жалал-Абад облустук китепканасынын компьютердик тейлөө боюнча адиси Азимбек Кимсанов, ошондой эле  “Кыргызтелеком” ААКнун маалыматтык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Бактияр Ибраимов.

Жолугушууда адистиктер боюнча учурда колдонулуп жаткан негизги жана жумушчу окуу программалары сунушталып, катышуучулар тарабынан алардын актуалдуулугу, практикалык багыттуулугу жана мазмуну боюнча бир катар пикирлер айтылды. Иш берүүчүлөр өз тармактарында байкалган тенденциялар жана рыноктогу талаптар тууралуу маалымат берип, кайсы көндүмдөргө көбүрөөк муктаждык жаралып жатканын белгилешти.

LEK окуу борборунун жетекчиси Элмира Эркулова БАС, ПОВТАС жана ОТЗИ адистиктеринин окуу пландарына С++ программалоо тилин киргизүүнү сунуштап, бул багыттагы адистерге суроо-талаптын жогорулашы менен бөлүштү.

Ал эми Азимбек Кимсанов студенттердин презентация жасоо жөндөмдөрүн кеңейтүү максатында Canva, Camma App сыяктуу платформаларды колдонууга үйрөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле мобилография боюнча дисциплиналарды кошуу заманбап визуалдык материалдарды даярдоого жардам берерин айтты.

Жолугушуу конструктивдүү сунуштар жана өз ара түшүнүшүү менен өтүп, окутуучулар жана иш берүүчүлөр билим берүү программаларын мындан ары да жакшыртуу боюнча биргелешип иштөөгө даяр экенин билдиришти. Иш-чаранын жыйынтыгында адистиктердин практикалык багыттуулугун күчөтүүгө жана студенттердин компетенцияларына түздөн-түз таасир этүүчү маанилүү сунуштар топтолду.