1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

12

Санариптик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрү: конок лекциялар жана жаңы багыттар

Жалал-Абад колледжинин ПОВТАС жана БАС адистиктеринин студенттери үчүн Ош мамлекеттик университетинин Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун Автоматташтырылган системалар жана санариптик технологиялар кафедрасынын окутуучулары тарабынан  конок лекциялар өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында студенттер заманбап санариптик технологиялардын өнүгүүсү, билим берүүдө автоматташтыруунун ролу жана жасалма интеллекттин келечеги тууралуу кеңири маалымат алышты.

Лекцияларда «React JS жана Django технологияларынын мүмкүнчүлүктөрү» темасы боюнча Арстанбеков Амантур Кушбакович жана Пазилидин кызы Уулжан, «Санариптештирүү жана жасалма интеллект» багыты боюнча Дарбанов Эльстан Ооматбекович жана Орунбаева Мохинур Равшанбековна баяндама жасашты. Ошондой эле кошумча изилдөө темасы катары «Санариптик билим берүү: MyTE платформасы жана баалоону автоматташтыруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү» жөнүндө Дарбанов Э.О., Арстанбеков А.К., Пазилидин кызы У. жана Орунбаева М..Р. өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Конок лекциялар студенттерге теориялык жана практикалык билимдердин айкалышын камсыз кылып, алардын келечектеги кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түздү. Окутуучулар үчүн да бул аянтча жаңы педагогикалык тажрыйбаларды талкуулоого жана инновациялык технологияларды сабак процессине интеграциялоого мүмкүнчүлүк берди.

Бул иш-чара Жалал-Абад колледжинин студенттеринин кесиптик даярдыгын чыңдоого, санариптик билим берүүнүн жаңы багыттарын практикалык деңгээлде изилдөөгө жана жогорку технологиялык компетенцияларды калыптандырууга маанилүү салымын кошту.