1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

8

 «Кийимди биротоло жасалгалоо» боюнча практика 

 Sewing House цехинде студенттер үчүн «Кийимди биротоло жасалгалоо» темасында өндүрүштө практика учурундагы жумуш ордунда окутуу (ОРМ) өткөрүлдү. Студенттерге тигүүнүн сырларын Нурали кызы Айназик көрсөтүп берди.  Иш-чарага ЖАКтын КМТШИ-2,3-23 тайпаларынын студенттери катышты.

Практиканын жүрүшүндө студенттер кийимди даярдоонун соңку баскычындагы иштерди аткарышты.  Анда, кийимди акыркы тазалоо жана иштетүү, биротоло жасалгалоо ыкмаларын үйрөнүү, бучулук ачуу жана сапаттуу үтүктөө, фурнитураларды туура тандап, орнотуу.

Студенттер өндүрүштөгү реалдуу жумушу чуру менен таанышып, тактык, жоопкерчилик жана сапатка болгон мамилени жакшыртышты.

Бул ЖООнун (ОРМ) негизги максаты — студенттердин кесиптик көндүмдөрүн бекемдеп, кийимди даярдоо процессинин акыркы этабында жогорку сапатты камсыз кылуу болду.