1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

7

Экскурсия жана мотивациялык жолугушуу өткөрүлдү

20-ноябрь күнү ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин Техника ПЦКсынын ЖДк-2-25(9), ЖДк-01-25 тайпаларынын студенттери менен жумуш ордунда окутуу программасы боюнча "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын түштүк бөлүмү» филиалында таанышуу, экскурсия жана мотивациялык жолугушуу өткөрүлдү. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын түштүк бөлүмү» филиалынын башчысы Турдубеков Орозбек Турдубекович студенттер менен жолугушууда темир жол тармагына кадр даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Бул билдирүү жаш адистерге кошумча мотивация берип, билимди тереңдетүүгө багытталган колдоо катары кабыл алынды.

Студенттер темир жол кызматтарынын иштөө тартиби, инфраструктурасы жана кызматтык бөлүктөрүнүн өз ара байланыштары боюнча кеңири маалымат алышты. Адистер аларга кыймыл коопсуздугун камсыздоо, техникалык кароо, башкаруу системалары жана кызмат көрсөтүүлөрдүн уюштурулушу тууралуу тажрыйба бөлүшүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер үчүн атайын экскурсия уюштурулуп, алар темир жол операцияларынын реалдуу процесстерин көрүштү. Диспетчердик бөлмө, станциялык башкаруу, вагондорду текшерүү жана тейлөө зонасы боюнча практика менен таанышуулар өткөрүлдү. Иш-чара студенттердин теориялык билимин практикалык чөйрөдө бекемдөөгө, тармакка болгон кызыгуусун арттырууга жана келечектеги кесиптик өнүгүүсүн колдоого багытталды.